Мезгил
Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, алар ири өлчөмдөгү күйүүчү майды максатсыз колдонууга шектелүүдө. Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында ишкананын башкы эсепчиси жана 2 оператору колго түшүрүлдү.
Алар 84 миллион сомго сатылып алынган күйүүчү — майлоочу материал талондорун мыйзамсыз өздөштүрүп алганы аныкталды. Натыйжада бухгалтер менен оператор эки айга үй камагына алынды.
Учурда тергөө жүрүүдө.