Тажикстанда абактагы 14 кылмышкер нанга ууланып каза болду

Мезгил

Тажикстанда бир абактан экинчи абакка жеткирилип бараткан 14 кылмышкер  нанага ууланып каза болду. Алардын бири аял киши. Бул тууралуу РИА Новости  сайты жазды .

 Маалым болгондой,  7-июль күнү Хужанд жана Истаравшан колонияларынан Дүйшөмбүдөгү Нурек жана Яван колонияларына жеткирилип бара жаткан 128 кылмышкердин 14ү каза болду.

Белгиленген талаптарга ылайык, аларды ташып бараткан автоунаа жолдон алты жерге токтогон.

Тамактануу учурунда кылмышкерлердин бирөөсү 16 адамга 3 нан тараткан. Жарым саат өтпөй кылмышкерлер өзүн жаман сезип, эстерин жоготкон.   Дарыгерлер канчалык аракет кылганы менен медиктер экөөнү гана куткарып   калган 14ү көз жумган.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөөчү топ түзүлгөн.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *