Тажикстандын күч түзүмдөрү кармап кеткен баткендин жашоочусу 13 күндөн бери дайынсыз

Мезгил

Баткен районунун Достук айылынын жашоочусу Газыбек Мейлибаевди Тажикстандын күч түзумдөрү чек арадан кармап кеткен боюнча 13 күндөн бери дайынсыз болууда.

Буга чейин Газыбек Мейлибаев соода-сатык менен алектенип, тажик соодагерлери менен мамиледе болгон. Атасы Сулайман Мейлибаевдин айтымында, уулун тажикстандык соодаргерлер “акчаңды алып кет” деп кыргыз-тажик чек арасына чакырган. Ал барган учурда укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен.

Бул окуя боюнча жергиликтүү эл бийликтен Мейлибаевдин бошотулушун талап кылып, нааразычылык акциясына чыгышкан. Ал эми Баткен облустук милициясы коңшу өлкөгө атайын кат жолдогон, бирок жооп келе элек.

Эскерте кетсек, Мейлибаев 4-июлда кыргыз-тажик чек арасынан Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Худжант облустук башкармалыгы тарабынан кармалып кеткен боюнча дайынсыз.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *