Тажикстанга 104 гектар жер кандайча берилип кеткен?

   Мезгил

Генерал Исмаил Исаков: “Макулдашууга кол коюлардан 11 ай мурда жер мыйзамсыз берилип кеткен”

 – Чынында Баткенден 90 гектар эмес, жалпысынан 104 гектар жер Тажикстанга берилип кеткен экен. Анын мыйзамсыз берилгенин кезинде биз аныктап чыкканбыз. 2004-жылы июнь айында, биз айтып жаткан макулдашууга кол коюлардан 11 ай мурун эле аталган жер тилкелерин Баткен районунунун ошол кездеги акими Болот Алиев менен Баткен облусунун ошол кездеги губернатору Аскарбек Шадиев кол коюп, жерди өткөрүп беришиптир. Алар кандай негизде жана кайсы мыйзамдын негизинде мындай кадамга барганы белгисиз. Биз муну өкмөт иликтеп, ага кандайча жол берилип калганына жоопкерчилик маселесин карасын деп чечим кабыл алганбыз.

Бийлик бул маселени чечүүнүн аргасын издеп 2006-жылдан 2009-жылга чейин расмий Дүйшөмбү менен бир топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кыргызстандын ошол кездеги президент Курманбек Бакиев тажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен 2008-жылы 16-майда Хожент шаарында жолугуп, өз ара кызматташтык боюнча биргеликте билдирүү жасашкан.

Жолугушууда энергетикалык коопсуздукту бекемдөө максатында эки өлкө ортосундагы узундугу 19 чакырымдык “Айгүл-Таш – Канибадам” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу маселесин тездетүү демилгеси көтөрүлгөн. Кийин Тажикстандын энергетика тартыштыгы жөнгө салынган соң, ал курулуш тууралуу сөз болгон эмес.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *