Текебаев эми Бакиев бийлеген “Анжиян полькасына” бийлейби?

Мезгил

Бу саам, бийлик байкалбаган менен чебин бир топ бекемдеп алгандай болду. Бакылдаак саясатчы, ар дайым оппозицияда жүргөн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду Жогорку Сотко чейин “байлап барган жиптин” азабынан бошотуп, “даңк” алгандай болду. Ошол эле кезде алысты мелжеп байкаган кишиге бийлик “байке” жылкысын жайытка чыгарып, башынан жүгөнүн шыпырып туруп, бирок алыс кетпесин деп бутуна тушоо салып, анан отко коё бергендей эле иш болду. Кызык жери Текебаев 2,5 жыл абакта олтурса жаза мөөнөтүнөн кутулмак, эми болсо ошол 2,5 жылы кошо жокко чыгарылып олтурат. ЖС ишти кайра карап чыгууга кичи инстанциядагы райондук сотко жиберип койду.

Буга чейин дабышын чыгарбай, унчукпай иштеп келген бийликтеги кишилер деле кыйын экен, карышкырга кой кайтарткысы келишпеди. Ал тургай Текебаевди “пульт” менен башкарууга алганга жетишишти. Бир колу менен абактан бошотуп, экинчи колу менен кайрадан мойнуна кылтак илди. Эми Текебаев бул бийликти “байкелеп”, убагында Бакиев бийлеген Анжиян полькасына бийлеп берерин күтө берсек болот

Текебаевге байланышкан суроо да, маселе да көп. Дагы бир “ата мекенчи” Райкан Төлөгөновду “мародёрлук” айыбы менен жоопко тарткан менен, 2010-жылдын 7-апрелиндеги баш аламандык, тоноо аракеттери боюнча иштер али толугу менен аягына чыгарыла электигин Текебаев дайыма жадында тутуп келет. Башкача айтканда азыр бийликтин колунда Текебаевдин тагдырын чече турган 2 көзүр карта турат. Бири – Маевскийге байланышкан иш аягына чыга элек, Текебаев толук акталган жок. Экинчиси – “мородёрлук” боюнча азырынча козголо элек иштер.

Бир кезде Текебаев өзү абакта жаткан жерине чейин кирип барып опузалаган Абдулла Юсупов 21 жыл мөөнөт алып, анысы 15 жылга кыскартылып абакта жатат. Абдулланын Текебаевге карата “анын буйругу менен Бакиевдердин мүлкүн тоноого барганмын” деген көрсөтмөсүн бийлик, прокуратура же депутаттар каалаган кезинде Батукаевдин ишин кайрадан жандандыргандай эле көтөрүп чыга калышы мүмкүн. Муну алдын ала жакшы билген Текебаев убактылуу болсо да президентти жактап турат. Кийин ыңгай өзгөргөн учурда Текебаев баарын чак-челекей түшүрүп, позициясын өзгөртө салышын баары жакшы билишет.

Мышык-чычкандын бири-бирин аңдышмай оюнуна окшоп кеткен бул саясий оюн канчага созулары белгисиз. Бирок Текебаевдин Бакиевчесинен “Анжиян полькасына” бийлей баштагандыгы ачык эле байкалып калды.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *