Текебаевди ооруканадан кайра абакка которушту

Мезгил. 

Өмүрбек Текебаев неврология Борборунан кайра №47 абакка которулду.

Саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Текебаевдин ден соолугу туруктуу эмес. Андыктан дарыгерлер ал дайыма медициналык көзөмөлгө муктаж экенин айтып, дарыланууга шарты жок  абакка которууга каршы болушкан. Бирок, Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы Текебаевди абакка которууну туура деп таап, дарылануусун ошол жактан улантаарын билдиришкен.

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев “коррупция” беренеси боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Жакында ден соолугунун начарлаганынан улам неврология Борборуна которулган болчу. Дарыгерлер анын калкан безинде залалдуу шишик бардыгын айтышкан. Бирок, саясатчы операция жасатуудан баш тарткан.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *