Текебаевдин ишин кайра каратуу максатында адвокаттары БУУга кайрылышты

Мезгил.

Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары БУУнун адам укуктары коргоо комитетине кайрылуу жолдошту.

Саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, алар бир канча эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылышкан. Евразиядагы деморактиялык демилгелер Биримдигинин доклады экс-депутаттын ишинин кайра каралуусун тездетет деп үмүттөнүшөт. Бул биримдиктин анализинен кийин Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши чындыккка коошпой турганы жана саясий жүйө бар экени  маалым болгонун адвокат белгиледи.

“Биз ишти кайра кароо өтүнүчүн келтирип сотко кайрылганбыз. Бирок, эки инстанция өтүнүчүбүздү канааттандыруудан баш тартты. Андыктан Жогорку сотко кайрылууну эп көргөн жокпуз. Азырынча эл аралык уюмдардын колдоосуна ишеним артып турабыз”, – дейт адвокат Таалайгүл Токтакунова.

Айтымында, Текебаев учурда неврология Борборунда дарыланууда. Акыбалы туруктуу эмес. Ал күчтүү антибиотиктерди кабыл алып жаткандыктан, дарыгерлер азырынча анын калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууга батынышпай жатат.

Өмүрбек Текебаев орус ишкеринен ири суммадагы акча алган деп айыпталып, “коррупция” беренеси менен соттолгон. Жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп жатат. Жакында ден соолугу начарлагандыктан абакка которулган. Дарыгерлер калкан безинде залалдуу шишик бар экенин айтышкан. Бирок, саясатчы операция жасатууга макулдугун берген эмес.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *