Телефон уурдаган жаран 5 күн коомдук иштерге тартылат

 Мезгил

 Телефон уурдаган жаранга 5 күндүк коомдук иштерди аткаруу жазасы берилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

  Маалым болгондой шектүү ушул жылдын 6-январында болжол Ош базарынан М.Ж. аттуу жарандын 9 миң 300 сомдук «Редми-6» үлгүсүндөгү телефонун уурдап алган. Окуя ошол жердеги видеокамерага түшүп калган.

Бишкектин Ленин райондук соту 7-мартта Б.Т.Т. аттуу жарандын ишин караган. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, өкүнүп жатканын айтты. Сот айыпталуучуну бул жорук боюнча күнөөлүү деп табып, Жоруктар кодексинин 90-беренесине ылайык, ага 60 саат коомдук иштерди аткаруу жазасын берди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *