Темир Сариев жана депутат Бактыбек Турусбековдор сууда сүзүү мелдешине катышат

Мезгил

Сууда сүзүү боюнча “Issyk-Kul Swim Challenge 2019” эл аралык сынагы өтөт. Сынак Ысык-Көл облусунда 18-август күнү өткөрүлөт. Катышуучулар 14 чакырым аралыкты сүзүп өтүшөт.

Ошондой эле катышуучуларга 7 саат убакыт берилет, ал убакытта көлдүн жээгине жакын болгон бөлүктү сүзүп өтүшү керек. Кара-Талаа айылынан баштап, Тору-Айгыр айылына чейин сууда сүзүп келишет.

Бул сынакка мурунку премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбековдор да катышат.

Белгилей кетсек, сынак бул жылы үчүнчү ирет өтүп жатат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *