Темир тор артында жыл башынан бери 23 адам каза болгон

Мезгил

Укук коргоочулар темир тор артында саламаттыгы начар жуздөгөн адамдар жатканын, алардын ичинен белгилүүлөрдүн гана ден-соолугуна көңүл бурулуп, жөнөкөй адамдар көңүл сыртында калып жатканын баса белгилеп келишет.

Бирок мындай маалыматты Жаза аткаруу кызматы четке какты. Аталган мекеме кемчиликтери мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын жардамы менен оңдолуп жатканын билдиришти.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун байкоосуна ылайык, жабык жайларда дарыгерлер жетиштүү деп мүнөздөлгөнү менен жабдыктар эски, анык диагноз коюу мүмкүнчүлүгү аз жана дары-дармектер менен толук камсыздалбай калган учурлар болуп турат.

Ал эми Кыргызстандын темир тор артындагылардан 2019-жылдын жарымында 23 адам, 2018-жылы 65, 2017-жылы 66 адам каза болгон. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюму кабарлаган.

Эске салсак, Кыргызстанда жети тергөө изолятору, 11 жабык мекеме, 13 жатак абак жана район-шаарларда элүүдөн ашуун жаза аткаруу инспекциялары бар. Алардын баарын кошкондо 15 миңдей адам камакта отурса, 350дөйү аялдар.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *