Мезгил
Темирлан Султанбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары түптөгөн «Социал-Демократтар» партиясынын лидери болуп дайындалды.
Султанбеков «Социал-Демократтардын» лидери болуп партиянын Бишкектеги кезектеги съездинде шайланды. Мындай чечим партиянын мурдагы лидери өз ыктыяры менен ыйгарымдарын тапшыргандан кийин кабыл алынган.
Саясий бирикме съезд өткөргөнү жана Бишкек шаардык кеңешине шайлоого бара турганы белгилүү. Өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.