Тез жардам кызматынын унаасы 3 унаа менен кагылышты

Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, Бишкек шаарынын Калык Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болду.

 Маалым болгондой, жол кырсык бүгүн, 31-июлда болгон. Анда Рыскулов көчөсү боюнча батышты көздөй бара жаткан тез жардам кызматынын унаасын «БМВ» сүзүп токтогон. Ал К.Акиев көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан. Кагышуудан кийин эки унаа тең жолдун четинде токтоп турган үчүнчү унааны сүзгөн.

Ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисовдун айтымында, жол кырсыктын кесепетинен тез жардам кызматынын 3 кызматкери ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөн.
 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *