Мезгил
Маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдү аялдамалардан гана салып, түшүрүшү керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү эмес жерден жүргүнчүнү түшүргөн айдоочу 3 миң сом айып төлөйт.
Андыктан, жарандар аялдамалардан гана токтотууну суранышы керек.
Бишкекте маршруттук таксиде аял туура эмес жерден айдоочу түшүрбөй койгону үчүн аны сөгүп, ызы-чуу салган видео интернетке тараган.