Тилге күйбөгөн, элге күйбөгөн Өмүркуловдун “өнөктөшү” шаарга күймөк беле?

Мезгил

«Башына кара булут айланган» Осмонбек Артыкбаевдин ордуна депутат болуп келем деп турган Азиз Суракматов учурда Бишкек шаарынын мэрлигине аттангандардын катарында экен. Бул Азиз мырзанын артыкчылыгын ким билет кемчилиги толтура экенин карапайым калк жакшы билет.

Иса Өмүркулов менен Азиз Суракматовдун «бизнеси»

 Эске салсак, Азиз Суракматов менен Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык делген Ак үйдүн батыш тарабында салынып жаткан көп кабаттуу имаратка Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, курулуш иши токтотулган. Бүгүнкү күндө токтотулган курулуш жанданьш, имарат курулуп бүтүп калды.

Убагында Айбат газетасы  (21.03.14 №70-чыгарылыш) ак үйдүн босогосунда салынып жаткан бизнес борбору тууралуу алгачкылардан болуп жазып чыккан. Ал курулушту депутат Азиз Суракматов жана Арапбаев Азаматка таандык “Елизавета” компаниясы жүргүзүп жатат. Гезитке макала  сүрөтү менен берилип басылгандан кийин Башкы прокуратура иш козгогон, себеби ал жер стратегиялык мааниге ээ. Болгону убагында Иса Өмүркулов сатып жиберген экен деп жазып чыккан.

Демек стратегиялык мааниге ээ жерди сатып жиберген Иса Өмүркуловго да мыйзам чегинде жооп бергендин ордуна бүгүн Азиз Суракматовду калаа башчылыгына сүрөп, шаардык кеңештин депутаттарын чайга чакырып жатканы айтылууда. Бири жер сатып, бири үй куруп «жан баккан» шериктештер эми борбор калааны каалагандай калчагылары келип жатабы?

Кытайга карматылган 386 млн доллар

2013-жылы Кытай   ТВЕА компаниясын кытайлык компаниялардын арасынан Бишкек шаарынын ТЭЦин жаңылай турган жалгыз аткаруучу катары Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосуна ээ болот.

Биз муну айтып жатканыбыздын себеби Азиз Суракматовдун дагы бир «эрдиги» кышында элди үшүтүп, Сапар Исаков баш болгон бир топ чиновник камалган ТЭЦтин чырында дагы аты куру эмес. Тактап айтканда, ТВЕА компаниясына тендер өткөрбөй туруп. Долбоорду берүүгө макулдук берген мурдагы эл өкүлдөрүнүн катарында Азиз Суракматов дагы бар. Бүтүндөй борбор калаанын эли 4 күн суукта калганына Суракматов да жоопкерчиликтүү экенин бүгүн кантип танабыз.

1 долларга сатылган «Кыргызгаз”

2013-жылы 11-декабрда парламент “Кумтөр” сыяктуу дагы бир ири келишимди колдоп, өзүнө чоң жоопкерчилик алды. Учуру келип бул ишке да тарых өз баасын берери талашсыз. Газ тармагыбызды алдыда кандай тагдыр күтсө да, бул маселе дагы бир чакырылыштагы Жогорку Кеңештин, кийинки муундун баш оорусуна айланышы мүмкүн. Мына ушул кыргыз элинин ал гана эмес урпактардын келечеги бычак мизинде турганда Суракматов ким тарап болду эле. Элдин үнүн угуп эл тарап боло алды беле? Жок. Ал «Кыргызгазды» 1 долларга саткан чыккынчылардын бири болчу.

Эне тилин жериген эргул

«Улут болсом» тилим менен улутмун» деп сөз бекер жеринен айтылбаса керек. Бирок, өздөн чыккан өрт жаман, өзөктөн чыккан жат жаман» дегендей  Азиз Суракматов Жогорку Кеңеште отуруп мамлекеттик тилге камкордук көрүү максатында сунушталган мыйзам долбооруна каршы чыккандардын катарында болгон.

Тактап айтканда, бүгүн бир партиялашы тактагандай, «окубай туруп эле оюн билдирген». Тилге күйбөгөн, элге күйбөгөн бүгүн шаарга күймөк беле?

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *