ТИМ элчи Кылычбек Султановго компромат тапты

Мезгил.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан 24-сентябрда маалымат жыйынын өткөрүп, Тышкы иштер министрлигинде коррупция көп экенин айткан. Ошондой эле, социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын Корея абамайданындагы кылыгын президенттик аппарат коомчулукка жайылтууга тыюу салганын билдирген.

Бул боюнча ТИМ жооп кайтарды.

“Элчи мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин, дипломаттык этика нормаларын бузду. Бизде анын өзүнүн туура эмес иштерин ачыкка чыгара турган маалыматтар бар”, – деген билдирүү таратты Тышкы иштер министрлиги.

“Эгер ал маалыматтар тастыкталса тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. Кылычбек Султандын мындай жүрүм-турумуна дал ошол тартип бузуулары түрткү болушу ыктымал”, – деп белгилеген КР ТИМ.

Ошону менен катар министрлик элчинин азыркы ээлеп турган кызматы боюнча маселени да карап чыгарын, ал тараткан сөздөрдүн чын-төгүнүн териштирүүнү каалагандарга жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Кылычбек Султан маалымат жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинен бир топ коррупциялык фактылардын бети ачылганын, бирок иш аягына жетпей калганын белгилеген.

“Азыр ошондогу коррупионерлер ТИМде отурушат”, – деген элчи.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *