ТИМ: Кытайда этникалык кыргызтар кармалды деген маалымат такталууда

Мезгил

Кытайда этникалык кыргызтар кармалды деген маалымат такталууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде талкууга алынды.

Ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын төрт жараны Кытайдагы куугунтукталган туугандарын таап берүүгө жардам сурап кайрылган. Парламенттин комитети жабык түрдө өткөн жыйында Кытайдын Шиңжан автономдук аймагындагы куугунтукталды делген кыргыздардын абалын талкуулады.​

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. 26-ноябрда жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сураган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *