ТИМ: Түркияда кырсыкка кабылган учакта эки кыргыз жараны болгон

Мезгил

Түркияда кырсыкка кабылган учакта эки кыргыз жараны болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министринен билдиришти.

Маалым болгондой, “К.Н. жана И.А. аттуу Кыргыз жарандары жаракат алышкан. Аларга Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери мекендештердин абалы менен таанышты. Дарыгерлер алардын абалы канааттандырарлык экенин консулдуктун кызматкерлерине билдиришти.

 Белгилей кетсек,  кечээ Туркияда 5-февралда жүргүнчү ташыган учак конуу учурунда тилкеден чыгып, үчкө бөлүнүп калгандыгы маалымдалган. Ичинде 177 жүргүнчү жана борттун 6 кызматкери болгон. Түркия өлкөсүнүн расмий мекемелери билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 130дан ашуун адам жаракат алышты.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *