ТИМ Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды

   Мезгил

Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисине нааразылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги нен билдиришти.  

Маалым болгондой, Сухроб Олимзода менен тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев жолугуп, кечээки чек арадагы тажикстандык тараптын иш-аракетин мыйзамсыз деп сыпаттады.

Чатактын чыгышына коңшу өлкөнүн такталбаган тилкеде аскердик байкоо түйүнүн куруп баштаганы себеп болгон.

Мындай иш-аракеттер тынчтык жана ынтымакты бекемдөө боюнча жетишилген макулдашууларга каршы келет.

 Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *