ТИМдеги коррупцияны ачыкка чыгарган Кылычбек Султанов да кызматынан кол жууп калуу алдында турат

Мезгил. 

Акыркы убакта айрым мамлекеттик кызматтарда кызыкча көрүнүштөр пайда болууда. Анда иштеген кызматкерлер мекеме ичиндеги коррупцияны ачыктаганы үчүн кызматынан алынып, куугунтукка кабылышкан. Же, кызматынан кол жууп калаарын билишкенден кийин коррупциялык фактыларды элге чыгарууга жан үрөшкөнбү, белгисиз.

Алгач Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева инспекция ичиндеги коррупцияга бөгөт коюу максатында жалшыз өзү пикетке чыкканы белгилүү болгон. Андан көп узабай, бул жоругун “мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт” деп кабыл алган жетекчилик жумуштан бошотуу боюнча буйругун чыгарган. Кызматтан бошотулгандан кийин Мамбеталиева инспекциядагы коррупционерлердин ысымдарын да жарыялап, алар тараптан коркутуу болуп жатканын айтып, коопсуздугун камсыздап берүүсүн өтүнүп Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогон. Ал иштин соңу эмне болду, белгисиз.

Картинки по запросу анара мамбеталиева

Андан кийин “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасында узатуучу болуп иштеген Алия Асанбаева  ишканадагы мамлекетке миллиондогон сом чыгаша келтирген жемкорлукту сыртка чыгарды. Ал дагы бул маалыматтарды коомго чыгаргандан кийин коркутуулар болуп жатканын белгилеп, президенттен жардам сураган. Мамлекет башчы өз кезегинде бул иш анын жеке көзөмөлүндө болоорун айтып, коррупциялык схема соңуна чейин иликтенээрин убадалаган. Андан бери көп убакыт өттү, жыйынтыгы белгисиз.

Картинки по запросу кыргыз железная дорога алия асанбаева

Эми Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов КР ТИМдеги коррупциялык иштерди алып чыкты. Ал Малайзияда элчи болуп жүргөндө бир топ коррупциялык иштер маалым болгонун, аны менен жетекчиликти кабардар кылганын белгиледи.

Маалымат жыйынында элчи кыргыз дипломаттарынын атына көө сүрткүсү келген коррупционерлерден арылууга болгон аракетин жумшай турганын белгиледи.

“Коррупциялык иштер менен күрөштү соңуна жеткире элегимде, конституциялык реформа башталып, мен элчиликтен кеттим. 2016-жылы андагы өкмөт башчы Сапар Исаков чакырып, Малайзиядагы кыргыз элчилигиндеги коррупцияны токтотууга жардам берүүмдү суранды. Андан улам мен кайра Куала-Лумпурга кеттим. Көп иштердин бетин ачтык, ал турмак териштирүүгө УКМКнын кызматкерлери барышкан. Анткен менен бул иш соңуна жетпеди, кылмыш иши ошону менен козголгон да жок”, – дейт Кылычбек Султанов.

Ал бул иштер боюнча кийинчерээк УКМКнын жетекчисин кабардар кылган. Бирок, ал бир айдан кийин эле жетекчиликтен кетип калган.

“Коррупцияга аралашкан адамдар болсо ушул учурда ТИМде иштөөнү улантып, департаментти башкарып отурушат. Мамлекет башчы айрыкча коррупцияга байланышкан иштерди аягына жеткирем деп айтып жүрөт”, – деген маалымат жыйынында элчи.

Ал эми бүгүн ТИМ министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Кореядагы элчисин кызматтан алуу боюнча сунуштама жөнөткөнүн президенттик аппараттан кабарлашты.

Бул сапар да коррупция дагы бир кызматкердин карьерасына чекит койчудай өңдөнүп калды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *