Өткүрбек Жамшитов: Батукаевди качыруу боюнча уюштуруу иштери Шамил Атахановго тапшырылган

 Мезгил

Бүгүн, 27-июнда  Жогорку Кеңеште экс президент Алмазбек Атамбаевди колтийбестигинен ажыратуу боюнча маселе каралууда.

Анда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  Алмазбек Атамбаев  Батукаевди абактан качыруу боюнча уюштуруу иштерин ошол убактагы УКМКнын төрагасы Шамил Атахановго тапшыргандыгын айтты.

 “Экс-президент Атамбаев Батукаевдин уюшкан кылмыштуу топтун лидери, “мыйзамдагы ууру” каймана атка ээ экендигине, коомчулукка жана коомго өзгөчө коркунуч жаратарына карабастан, аны жаза өтөө жайынан мыйзамсыз бошотууну чечкен. Бул багыттагы иштерди уюштуруу жагы УКМКнын ошол кездеги төрагасы Атахановго тапшырылган. Кылмыштуу иш-чараны аткаруу үчүн Атаханов КРдин укук коргоо, сот жана мамлекеттик кызматтын жогорку адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Батукаевди жаза өтөө жайынан бошотуу менен аны республиканын аймагынан чыгаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү талаптарын коюп, бошотуу иштери жеке Атамбаев менен макулдашылган”, — деди Жамшитов.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *