Токко урунуп колунан ажыраган жоокердин окуясы боюнча дагы бир кылмыш иши козголду

Мезгил. 

Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокердин окуясы боюнча дагы бир кылмыш иши ачылганын “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова билдирди.

“КР Кылмыш жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси боюнча да дагы бир кылмыш иши козголду. Ага дейре “Шалаакылык” беренеси боюнча козголгон. Бирок, командирлерге айып расмий тагыла элек”, – деди укук коргоочу.

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүнүн жоокери Руслан Сапарбаев көмөк чордонунун аймагына киргендиктен токко урунган. Ооруканага жеткирилери менен дарыгерлер оң колун кесишкен. Андан бир нече күн өткөндөн кийин сол колун да сактап калууга мүмкүн болбогондугу билинип, дарыгерлер консилиуму чечим чыгарышкан. Башкы штаб жоокер кубаттуу электр энергиясын билдирген белгинин бардыгына карабай, коркунучтуу аймакка киргени үчүн жоокердин өзүн айыпташкан жана болуп өткөн окуяны кырсык деп баалашкан.

Бирок, Башкы прокуратура ал жерде эч кандай белги коюлбаганын аныктаган.

Жоокер чымчыктын жерге кулаган балапанын уясына салуу үчүн көмөк чордонуна жакын барганын айткан. Башкы штаб жоокерге электрдик протез алып берүүнү убадалаган. Ал эми анын туугандарынын үй алып берүү талабын аткаруудан баш тарткан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *