Токко урунуп колунан ажыраган жоокерге батир берүүдөн баш тартышууда

Мезгил. 

Майлуу-Суу шаарындагы №30259 аскер бөлүгүнүн жоокери Руслан Сапарбаев жакында аскердик милдетин өтөп жаткан учурда кырсыкка учураган. Ал көмөк чордонунун кирүүгө тыюу салынган аймагына өткөндө ток тартып, анын кесепетинен алгач бир колунан ажыраган. Кийинчерээк сол колундагы ириң ийнине чаап кеткени белгилүү болгондон кийин дарыгерлер консилиуму экинчи колун да кесүу чечимин чыгарган болчу.

Жабыркаган жоокердин жакындары маалымат каражаттарына кайрылышты. Алар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Сапарбаевге батир бөлүп берүүдөн баш тартканына нааразычылык билдиришти.

Айтымдарында, жоокер энеси менен ижарага алынган батирде күн кечирип келген. Эми, майып болуп калгандан кийин бараарга жери жок отурат. Башкы штаб батир бербей турганын так кесе билдирген.

“Майып адам кантип иштейт? Командирликтин күнөөсү менен колунан айрылды. Кайда жардам сурап кайрылышыбыз керек?” – дешет туугандары.

Ал эми Башкы штаб бул кырсык экенин белгилейт. Руслан Сапарбаев тыюу салынган белгиге карабай көмөк чордонунун аймагына кирген деп айыпты жоокерге оодарышууда. Ошол эле учурда Аскер прокуратурасы электр кубаттуулугунун аймагы ачык, ал эми тыюу салынган белги коюлбаганын тастыктаган.

Токко урунуп колунан ажыраган жоокердин окуясы аскердеги биринчи кырсык эмес. Буга дейре да, атынып, асынып каза тапкан жоокерлер тууралуу маалымат коомчулукка чыгып келген. Бирок, бир да окуяда тийиштүү кызматтар айыптарын моюнуна алган эмес. Ар бир жолкусунда кырсыктаган жоокерге күнөөнү оодарган жыйынтык чыгарышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *