Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы 3 миң доллар пара менен кармалды

  Мезгил

Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  Токмок шаардык прокуророунун улук жардамчысы жергиликтүү ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен биргеликте А.К.15 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Анда А.К. жолдошу Кытай Эл Республикасынын жараны болуп, аталган ишканада мыйзамдуу эмгектенип жатканына карабастан, КР аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алаган деп коркуткан. Ошондой эле, пара бербеген учурда чет элдик жаранды депорация кылуу максатында тергөө органдарына берүүчү материалдар бар экендигин айткан.

  14-августунда  УКМК Башкы прокуратурасынын ички тергөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Токмок шаарында К.Т. 3 миң АКШ долларын алып алып жаткан учурда кармалды. Ошондой эле, ишкананын кызматкери М.Т. кызматкер тарабынан пара таалап кылуу жана алууда ортомчу болгону үчүн кармалды.

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына  киргизилди. Азыркы убакта тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *