Мезгил
Токмок шаарында 2 кабаттуу үй өрттөнүп, 74 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кырсык Трясинин көчөсүндөгү үйдө болгон. Анын кесепетинен 2 кабаттуу үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 400 чарчы метр чатыры күйгөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, үйдөгү 1945-жылы туулган М.Р. атуу аял түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.