Токтайым Үмөталиева Бишкек шаарынын мэрлигине өз талапкерлигин көрсөттү

Мезгил

Өлкө башчылыгына ат салышкан белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Бишкек шаарынын мэрлигине өз талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында укук коргоочу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен бүгүн, саат 16:45 чамасында аймактык шайлоо комиссиясына арызын таштап кеткен.

Мыйзамга ылайык Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.

Талапкер катары жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны көрсөтүлө алат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *