Мезгил
Токтогул районундагы тоодогу өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Үч-Терек айылына караштуу тоодо чыккан тилсиз жоону басууга 9 куткаруучу, токой чарбачылыгынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Алдын-ала эсептөөлөр менен, 80 гектар жер күйдү. Токтогулда тоо боорундагы кургак чөп 11-сентябрда өрттөлө баштаган.
Булак: Мезгил Ньюс