Толгонай Стамалиева: “Президентке жолуккусу келгендер аппаратка кайрылсын. Бул үчүн парламенттен сурануунун зарылдыгы жок”

Мезгил

Бүгүн депутат Ирина Карамушкина парламент регламентин бузуп, баягы Кой-Таш “кошогун” кайрадан кошподу беле. Ал тургай президент кабыл албай жатат деп да арманын төккөн. Карамушкина экинчи жолу микрофон талашканда төраганын сөз бербей койгонуна таарынып, залдан чыгып кеткен.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева бул тууралуу минтип үн катты:

“Жогорку Кеңештин президент менен жолуккусу келген депутаттары анын аппаратына кайрылса болот. Бул үчүн парламентте чыгып сүйлөөнүн зарылдыгы жок. Сооронбай Жээнбековдун иш убактысынын графиги тыгыз. Ага карабай өлкө башчысы кабыл алууга келгендер менен, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутатары менен да жолугушуу убактысын өзү белгилейт” деди.

Кыязы Ирина Карамушкина президенттин кабыл алуусунда кантип болуунун жол-жобосун билбейт окшойт. Үй менен Чүйдүн айырмасын билбей, парламент трибунасын өз менчигине алмаштырып алган көрүнөт. Андай болбосо, жанагыл, “эметип алып” энесин коркуткан кызга окшоп, парламент залынан неге таарынып чыгып кетет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *