Министрдин орун басары менен дагы бир чиновник 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды

Мезгил

    Бишкек шаарында кечээ, 7-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңиш Ногойбаев жана автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Анарбек Бекмуртатов кармалды.

Маалым болгондой, калган сумманы кийинки жолугушууда берүү макулдашылган.

Министрдин орун басары ортомчу катары Транспорт жана жолдор министрлигинине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишти токтотуу үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине акча берип жаткан.

Ошол эле күнү автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Анарбек Бекмуратовдун  пара берүүгө катышуусу бар экени аныкталып, кармалды.

Сотко чейинки материалдар Жазык кодексинин 328-беренеси (пара берүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *