Транспортко түшкөндө жүрөк айланса эмне кылуу керек?

Мезгил

Кээ бир адамдар автобуска түшөбү, самолетко түшөбү дароо эле жүрөгү айланып куса баштайт. Муну окумуштуулар адамдын денесинин өйдө-төмөн силкинген кезинде ичеги-карын, боор жана башка ичеги органдардын өз ордунан жылып кетүүсүнөн жана айрым нервдердин дүүлүгүүсүнөн келип чыгат деп түшүндүрүшөт.

Ошон үчүн адам транспорт ордунан жылганда жайланышып уктап кетүүгө аракет кылуусу керек. Ошондой эле жол транспортуна түшөөрдө анын ыңгайлуу түрүн тандап алуусу дурус. Ал эми самолетко отурганда терең дем алып, жогору көтөрүлгөндө дем чыгарбоо керек. Анткени терең дем алып демин ичине катып турган кезде адамдын ички органдары көп дүүлүкпөйт да жүрөк айланып куспайт.

Жүрөк айланууга кээде бензиндин жыты да таасир этет. Мындан алыстоо, анын жытын сезбеш үчүн жолго чыкканда жыты жагымдуу: жыты жакшы алма, апельсин, мандарин, лимон өңдүү жемиштерден алып жыттап жүрүү да жакшы натыйжа берет. Кээ бирөөнү чеснок же колбасанын жыты алаксытат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *