Турдакун Усубалиевдин ысымы Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгарылабы?

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын уюштурган комитеттин мучөлөрүн кабыл алды. Анда иш чарага даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча кеңешме өттү.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин рынок-экономикасын мыкты түшүнгөнүн, мамлекеттеги көйгөйлөргө өз сунушун киригизип турганын баса белгиледи.

– Турдакун Усубалиев өзүнө байлык топтогон жок, болгон күчүн элге жана мамлекетке арнаган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн пландык экономика иштерине жумушаган – деди президент.

Мындан улам биринчи вице-премьер министри жана уюштуруу комитетинин төрагасы Кубатбек Боронов Усубалиевдин ысымын Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна жана Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу маселеси иштелип чыгып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси үчүн Усубалиевдин небереси — Эрмек Усубалиев жана уюштуруу комитетинин мүчөсү Шамшыбек Медетбеков Президентке ыраазычылык билдиришти. Эрмек Усубалиев чоң атасына арналган иш чараны агшыкча шаан-шөкөтсүз жана жөнөкөй гана өткөрүүнү өтүндү.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *