Мезгил
Турдуназир Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин 2017-жылдын ноябрь айынан тарта Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Эске салсак, буга чейинки президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев 25-октябрда кызматынан бошотулган.
Булак: Мезгил Ньюс