Турмуш жолуна аттануу алдында турган түгөйлөр эмнелерди билүүлөрү керек?

Мезгил

Үй-бүлө куруу жашообуздун эң жоопкерчиликтүү учуру. Турмуш жолуна аттануу алдында турган түгөйлөр эмнелерди билүүлөрү керек? Ушул боюнча  психолог адистер алгач бактылуу болуу керек экенин жана үй-бүлөнү туура куруу тууралуу китептерди окууну сунушташат. Ошондой эле, кандай жагдай болбосун негизгиси түгөйлөр чыдамкай, сабырдуу болуп, оор күндөрдүн артында жакшы күндөр күтүп турганын унутпоо керек дешет. Төмөндө бактылуу үй-бүлөнүн куруунун сырлары тууралуу керектүү маалымат менен бөлүшмөкчүбүз.Ошондо көптөр түгөйүн өзүнүн бактысыздыгына күнөөлөй башташат.

Мамиленин бекем болушу

Үй-бүлөнүн курууда эң биринчи эки жаш бири-бирин сүйүүп ишениши керек. Экинчиден жөлөк-таяк болуп ар кандай кырдаалда жубайлар бири-бирин колдоп , сырдашып, ар бир маселени чогуу кеңешип чечкенди үйрөнгөндө мамилелери бекем болот. Ошондой эле, дайыма жылуу сөздөрүн аябай, кубаныч тартуулап кээде эркектер жубайына белектерди берип көңүлүн алып тургандары жакшы.

Түгөйлөр өзүн-өзү өнүктүрүү керек

Жубайлар өздөрүн физиологиялык жактан гана эмес, эмоциялык жана интеллектуалдык жактан да өнүктүүрүп турушу зарыл. Адистер түгөйлөрдүн жактырган хоббиси, түрдүү жактан кызыгууларыңыз болуш керек дешет. Аялдар өзүн эрудит катары сезип, күйөөсүн ыңгайсыз абалга кептелүүсүнөн сактоосу кажет. Болбосо үй-бүлө ажырашып кетиши мүмкүн.

Диалог куруу өтө манилүү

Жубайлар бири-бирине өз ойлорун каалоолорун туура жеткизиши керек жана кандай жагдай болуп жатат, жумуштагы кандай көйгөйлөр бар бөлүшүүлөрү абзел. Психологдордун айтымында, чогуу бир темада сүйлөшө алган, бирин-бир угушкан, чогуу чечим чыгарып, бир максаты көздөгөн үй-бүлөлөр бекем болот. Ошондой эле,  жакпаган бир жагдай болуп жатса аны чогуу түгөйүңүз менен чечип калыпка салып алганыңыз жакшы болот. Ичке баарын сактай берген болбойт. Анткени акыры айталбай жүргөн нерселер чогула баштап чыдамы түгөнгөндө жарылсаңыз болбой калат. Дал ошол учурда чоң уруш-жанжал чыгышы ыктымал. Ошондуктан, кандай жагдай болбосун өз убагында өмүрлүк жолдошуңуз менен бөлүшүңүз.

Жубайлар сырткы келбетине да кам көрүү керек

Көпчүлүк айымдар турмушка чыкканда эркектер үйлөнгөндө өздөрүн карабай таштап коюшат. Бул туура эмес. Ар дайым жагымдуу болуп көчөдө гана эмес үйдө да келбетке кам көрүп, өздүк гигиенаны таза алып жүрүү керек. Негизи көчөдөгү башкалар үчүн эмес жолдошуңуз үчүн сулуу болуп жүрүңүз. Сиз сулуу, тың болуп өзүңүздү карап жүрсөңүз, күйөөнүздүн сизге болгон кызыгуусу эч качан жоголбойт. Үй-бүлөңүз дагы бекем болот. Ошондой эле албетте, эки жубайдын, бири-бирин түшүнүүсү керек. Жүрөгүнүздөгү сүйүүнүн өчүшүнө эч качан жол бербеңиз. Эч качан шашылып чечим чыгарбаңыз. Ортоңузда сый-урмат, ишеним , сүйүү болгон учурда, кандай гана кыйынчылык болбосун аны чогуу басып өтөсүңөр. Көп нерсе аялдын колунда экенин унутпаңыз.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *