Турмушка чыкканыма бир ай боло элек. Бирок…

    Мезгил

     Турмуш бизге ар кандай “сюрприздерди” даярдап тураары талашсыз. Адам маңдайына жазылган тагдырга баш ийип жашаганга аргасыз. Тагдырдын тамашасын кара кечээки сүйүүңдү бүгүн жек көрүүгө айлантып салуу күчүнө да ээ. Бирок бизди алдыда эмнелер күтүп тураары эч кимге белгисиз. Турмушта сыноолор келгенде кээбирлери ичиндеги оргуштап жай бербеген ойлор менен бөлүшүп, кимдир бирөөлөрдүн кеңешине муктаж болуп жардам сураса, айрымдары өз көйгөйүн өздөрү колго алып кандай чечим кабыл алышса да ошону туура көрүп жашоо кечиргендери да бар. Бирок биздин каарманыбыз окурмандардын кеңешине муктаж.   Сайкал аттуу кыз жан дүйнөсүнө тынчтык бербей жаткан ойлору менен бөлүштү.

     Урматтуу окурман мен сиздерге жүрөгүмдү эзип уйгу-туйгу ойго салган суроону сиздерге бөлүшүп сиздерден жооп күтөм. Ооба менин окуямды ар ким ар кандай кабыл алышы мүмкүн. Бирок мен үчүн сиздердин пикириңиздер маанилүү анткени кандай кадамга барып эмне кылаарымды билбей турган учурдамын. Мен баарын башынан баштап көп сөз кылбай эле эң негизги көйгөйүмдү бөлүшөйүн деп чечтим.  

 Жакында гана турмушка чыктым. Тагыраагы бир ай толук толо элек десем болот. Жолдошум экөөбүз бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал мага турмушка чыгуу тууралуу сунуш киргизгенде ойлонбостон дароо макулдугумду бердим. Анткени ал адамга ишенимим чоң болчу. Ошентип бир ай мурун дүркүрөтө той бердик. Бирок эми гана жаңы турмуш курганыбызга карабай, мен үчүн баардык кызыкчылык бүтүп калгандай. Өзүмдү башка жигиттерди  ашыга карай тургандыгымды байкадым. Өзүмдү кантип башкарып, токтооторумду дагы билбейм. Торго камалган куштаймын. Күйөмдү такыр ойлобой калдым. Анын мага болгон сый урматы, келбет,  жумуш десе жумушу бар. Бирок эмнегедир ага болгон сүйүүм тез эле өчүп калды. Башка жигиттерди карай берчү болдум. Кээде туруп туура эмес чечим кабыл алып жаткан жокмунбу деген ой да тынчтык бербей келет. Өзүм деле убагында эле турмушка чыктым. Эмнеге мындай абалга туш болуп жатканымды өзүм деле билбейм. Себебин издеп бирок, таба алган жокмун. Жолдошумду деги эле ойлобойм, көңүлүм башкада. Деги эле сен каалабаган адам менен өмүр бою турмуш кечирүү мүмкүнбү? Же өзүмдү кыйнабай кеч боло электе ажырашсам жаңылбаймбы.    

Менин сурайын дегеним силердин башыңыздардан меникине окшогон жагдай өттү беле мындан кантип чыксам болот. Эмне кылып кандай кадамга бараарымды билбей калдым. Нике шакегимди көргөн сайын жүрөгүм сыгыла берет.

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *