Мезгил
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, Бишкекте жакынкы күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Маалым болгондой, бүгүн күн ачык болсо, эртең эле кайра жаан-чачын жана катуу шамал болушу болжолдонууда.
Бүгүн күн 22 градуска чейин жылыса, ишембиде ордо калаада термометр мамычалары болгону +10…13 градусту көрсөтөт. Жекшембиде кайрадан күн чыгып, 18 градуска чейин жылуу болот. Бирок дүшөмбүдө мындай аба-ырайын жаан-чачын алмаштырат.