Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн эчкини “эже”, текени “аке”, бийликти “байке” деп калгандагысы

   Мезгил

Арадан үч жыл өткөндөн кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү формалдуу эмес жыйын өткөрүштү. Ага абактагы экс-президент Алмазбек Атамбаев, Иса Өмүркулов катышкан жок. Калгандары 11 киши: Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Болот Шер, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Элмира Ибраимова, Исмаил Исаков, Эмилбек Каптагаев, Абдыганы Эркебаев катышышты.

Булар мурда 2016-жылы Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизем, референдум өткөрөм деп чамынган учурда жыйналышкан эле. Анда ошол кездеги бийликтин саясий оюндары тууралуу, Текебаев түзгөн бир жыныстууларга баш кошууга уруксат берген батышчыл багыттагы Конституция өзгөртүүгө учураса “күнүбүз эмне болот?” деген маанидеги талкуулар болгон.

Азыр деле “убактылуучулардын” башын ооруткан жанагы эле бийлик болуп турат. Анткени Бакиевди кубалап, эл түйшүгүн моюндарына алып, мамлекеттин жүгүн көтөргөн топтун айрым мүчөлөрү убагында бир топ сол иштерди жасашкандыгы белгилүү. Айрыкча булардын лидерлеринин бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин УКМК абагында жатышы УӨнүн калган мүчөлөрүнүн түн уйкуларын бузуп келишет. Анткени балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт дегендей, кезегинде “убактылуучулар” баары бир акырдан “жем” жеп, бир ноодон “суу” ичип турушкан. УӨнүн былыктарын абактагы Атамбаев жакшы билет.

Кезинде бийликте турганда алар менен күрөшүү аракетин бир аз жасаган. Эгер азыр деле кааласа баарын ачыкка чыгарып салышы мүмкүн. Анын оозун жаап болбойт. Атамбаевдин таламын талашып, аны коргоп, “абактан бошот” деп айтуу “убактылуучулардын” аброюна туура келбейт. Бирок ошол эле кезде унчукпай, кол куушуруп олтура бергенге да болбойт. Кар жаады из басылат деп убакыт өтүшүн күтүү өздөрүнө зыян алып келиши ыктымал. Учурда коррупция менен келишкис күрөштү баштап алган бренди менен белгилүү болгон азыркы президент бир кезде УӨ мүчөлөрүнүн былык иштерине капысынан “тиш” салып жибериши мүмкүн. Ошондуктан “убактылуучулардын” президент менен жолугуп, айласын таап бийликке ыктаганы оң.

Булардын алдастай баштагандыгын үй абагына чыгарылган Текебаевдин президентти колдогон билдирүүлөрүнөн улам байкоого болот. Анткени анын мойнунан соттун “каргысы” али алына элек. Ушундай маселелерден улам бүгүнкү күнү “убактылуучулардын” айласы алты жерден кетип, эки буту бир кончко тыгылып, эчкини “эже”, текени “аке” деп, бийликти “байкелеп” турган кезеги.

Канткен менен “убактылуучулар” эми бийликке каршы оппозиция боло алышпайт. Анткени айрым УӨ мүчөлөрүнүн учурунда чет мамлекеттен жана Кыргызстандын аймактарынан алган хан сарайлары, банкта катылган акчалары, Бакиевдердики делген банктык кутучаларды ачуудагы каражаттар ж.б. байлыктары, былыктары ошол эле Отунбаеваны баш кылып, калгандарын төш кылып Атамбаевдин жанына алып барып коюшу заматтагы иш. Эгер булар жаза кетишсе, же бийликтин каалоосу болсо.

 Иши кылса бул күздө мурда кыргыз саясатында болуп көрбөгөн саясий жүрүштөр боло тургандай, кейпинде.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *