Учакта кара терилүү кыздын жанына отурбайм деген аял жаңжал чыгарды

Мезгил

Учакта жүргүнчү кара терилүү кыздын жанына отуруп калгандыктан аны менен бирге учпай тургандыгын айтып жаңжал чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Орусиялык аял кара терилүү кыз менен анын жанына отуруп калганына нааразы болуп жагымсыз абал түзүлгөнүн айтып ал менен бирге учуудан баш тарткан.   

Бул окуя тууралуу кара терилүү кыз өзү интрнеттеги баракчасына жарыялаган. Алар Лас-Вегастан Чикагону көздөй баратышкан. Орус аял  анын жанында Россиялык аял болушу керектигин айткан. Ал эми борттун ичиндеги ак терилүү жүргүнчүлөр орундукту алмашуу сунушун беришкен.  Жаңжал чыгарган аял буга макул болуп кара терилүү кыздын ордуна башка бири алмашкан.

Ал эми кара терилүү кыз мындай окуяга биринчи жолу кабылып  жатканын жана мындай кемсинтүүгө  капа болгонун айткан. Борттогулар 4 саат бою ал кызды  колдоп барышкан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *