Учурда кыргыз киносунун абалы кандай? Азыркы кинолор “Кыргыз керемети” боло алабы?

 

Мезгил

Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытууда спорт менен маданияттын ролу абдан чоң экендиги талашсыз. Бирок бүгүнкү күндө маданиятыбыздын деңгээли канчалык деңгээлде чеке жылытаарлык. Анын ичинен кино тармагын алып карасак, акыркы 15 жылдан бери өлкөбүздө кыргыз тасмалары байма-бай тартылып жаткандыгы баарыбызга маалым.

Белгилеп кете турчу жагдай 1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин тартылган кыргыз кинолору “Кыргыз керемети” деген жогорку баага арзып, ал өз учурунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан. Ал эми азырчы? Деги эле учурда тартылып жаткан кыргыз киносунун абалы   кандай? Алардын сапаты талапка жооп береби, же жөн гана коммерция үчүн тарта беришеби? Мына ушул туурасында сөз кылмакчыбыз. Дал ушул тармакта кызмат кылып, жуурулушуп, анын ысыгына күйүп,  суугуна тоңуп, тасма тартуунун түмөндүү түйшүгүн тартып жүргөн режиссерлор жана  тасмаларда роль жараткан актер, актрисалар эмне дейт? 

Кино, жана театр тармагына көптөгөн эмгеги сиңген, белгилүү  драматург-режиссер, театр таануучу Жаныш Кулманбетов азыркы Кыргыз киносунун күнгөй-тескейи, жана учурдагы абалы тууралуу айтып берди.

Жаныш Кулманбетов, драматург-режиссер, жазуучу, театр таануучу: Бул дүйнөдө да кино коммерция.  

  -Азыркы кыргыз киносунун абалы жөнүндө айта турган болсок, биз эмнегедир советтик идеологиянын алкагынан анча чыга албай калган окшойбуз.  Ошол мурдагы советтик мамлекеттик  катары  тартылып жаткан фильмдерге карата ар бир биздин жаштар жаратып жаткан же болбосо, өз демилгеси менен тартып жаткан фильмдерге карата кандайдыр бир терс көз караштар көбүрөөк өкүм сүрөт. Менимче бул туура эмес.  Биздин турмуштун көрүнүштөрүн, ушул ар түркүн кубулуштарын  киноматоргафтарыбыз канчалык көп тартса, менимче бул биринчиден кинонун өсүшүнө дагы экинчиден көрүүчүлөрдүн кеңири турмуштун спектерин түшүнүшсө дагы жакшы таасир берет деп ойлойм-деди режиссер.

 Ал эми азыркы тартылып жаткан кинолордун көбү коммерциялык деген боюнча “Бул дүйнөдө да кино коммерция. Коммерция болбосо ким аларды колдойт” деп кошумчалайт.

-Ачык айтканды үйрөнүшүбүз керек. Албетте булар балким чет өлкөлүк фестивалдарга барып катышып, Кыргыз мамлекетинин аты үчүн иштеп жаткандыр. Ал дагы жаман көрүнүш эмес. Алар да өзүнүн багыты менен жашай бериш керек. Ал эми массалык кино ал сөзсүз түрдө өнүп, өсүүгө тийиш. Анткени массалык киносуз, биз бул жашоонун баардык көрүнүштөрүн, баардык кубулуштарын камтууга мүмкүнчүлүгүбүз болбой калат. Мен эч качан бул тенденцияга негативдүү карабайм. Тескерисинче буга кубанам. Кыргыздын таланттары чыгып жатканы көңүл кубантаарлык.  Бизде мындай бир өтө кызыктуу түшүнүк калыптанып калган.

 Айталык адам чыгарган продукциясын мисалы башка тармактагылар дейбизби ошол продукциясын сатып, анан ошону менен жан бакса, биз ага эмнегедир анчалык маани бербейбиз, ага сын көз менен карабайбыз. Эгерде киноматограф, театр, же болбосо сүрөт өнөрү ошентип өзүнүн продукциясын сатып жан бакса “бул эмне коммерциябы” дей баштайбыз.  Коммерция болбосо ким аларды колдойт. Кантип алар өзүлөрүнүн үй бүлөсүн багат. Алар мамлекеттен бир тыйын албайт.  Биз ушул түшүнүктөн качышыбыз керек. Коммерцияга айландырып жиберди дегенден алыс болушубуз керек деп ойлойм.   А дүйнөдө кино коммерция. Аны ачык билишибиз керек-деди Кулманбетов.

Ал эми учурда ар кайсы жанрдагы кино тасмалар тартылып жактандыктан көрүүчүлөргө, деги эле элге азыр кайсы жанрдагы кино көбүрөөк керек. Тактап айтканда учурда көрүүчүлөр кандай багыттагы кинолорго чаңкап турат деген сурообузга,  бул боюнча  көрүүчүлөргө  көбүнчө кайсы тармактагы кинолор жагат? Социологиялык атайын изилдөөлөрдөн кийин гана айтууга боло тургандыгын айтты. Анткен менен жалпылап буларга токтолду.

   -Ооба туура, азыр  ар түрдүү жанрдагы кинолор тартылып жатат. Эми ар түрдүү жанрдагы кино деген сөздүн өзү ошол ар бир тартылып жаткан режиссердун же, жазган сценаристин турмуштук кабылдоосуна жараша же, болбосо айтайын деген оюн кайсы формада же кайсы жанрда чагылдырууга болгон аракетине жараша болот.  Ошондуктан бизге кайсы кино көбүрөөк керек деп айткан сөз балким атайын социологиялык атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп туруп анан айтса менимче туура болот болуш керек. Анткени маселен айталык көүүчүлөр деген бул ар түрдүү категорияларга бөлүнөт. Алар эч качан бирдей боло албайт жана болушу да мүмкүн эмес.

Ошондуктан көрүүчүлөрдүн жаш курагына жараша социалдык абалына,   интелектуалдык деңгээлине, жараша  ар түрдүү жанрлар ошого жараша кабыл алынат. Буга мындай айталык мисалы,  бизге кайсы кино көбүрөөк керек деп жалпыланган орточо көрүүчүнүн позициясынан караш менимче ошол бүгүнкү зарылчылыкка ошол суроо талапка анчалык туура келе бербейт болуш керек деп ойлойм.  Кээ бир учурда болот, ошол   кандайдыр бир комедия, балким жаштар үчүн деп тартылган тасма баардык жаш курактар үчүн керек болуп калышы мүмкүн. Ал эми тескерисинче  драма негизинен орто курактан өтүп калган 40-60ка чейинки адамдарга арналган, ошолор көрөт деген ой менен тартылган ал көрүүчүлөрдүн баардык катмарына туура келип калышы  да ыктымал.

  Ошондой эле продюсер Оштогу “Семетей” кинотетрынын директору Дамирбек Нарматов учурда кыргыз киносунун абалы анча жакшы эместигин, буга мамлекет башчы өзү көз кырын салыш керектигин айтат.

Дамирбек Нарматов кинопродюсер: Бул көйгөйлөрдү чечүүгө биринчи кезекте өлкө башчыбыз кызыктар болуш керек

Биринчиден  бүгүнкү күндө Кыргыз киносунун абалы  жогору деңгээлде эмес. Мамлекеттик эмес жеке студиялар  тарабынан тартылган тасмалар Кыргыз киносун жандантып жатат десек туура  туура болот.

Бир эле кино тармагы эмес жалпы маданиятыбыз аксап турган заманда жашап жаткандайбыз, башкасын айтпайлы кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу биздин маданият, кино тармактарыбыз бир канча жыл артта калып кеттик. Бул көйгөйлөрдү чечүүгө биринчи кезекте өлкө башчыбыз кызыктар болуш керек. Мамлекеттик жана жеке киностудияларга атайын конкурстарды же болбосо буга чейинки тарткан тасмаларын жыйынтыгына карап атайын каражат бөлүп беришсе биздин Кыргыз кинобуз да өнүгүү жолуна түшөт эле.

 Ал эми экинчиден талапка жооп бергени да жооп бергени да бар. Дүйнөлүк стандартка жооп бере турган техникаларды азыр табуу анчалык деле кыйынчылыкты жаратпайт, эгер жакшы сценарий, мыкты продюсер, режиссёр өз командасы менен заманбап тасма тартууну пландаса биринчи кезекте каржы маселесине келип такалат. Бул кинону тартсак чыгашабызды актайбы же банкрот болобузбу деп сөзсүз ойлонушат.

Дүйнөлүк стандартка жооп берген техникалар менен тартышса чыгымы аябай көп болгондуктан мүмкүнчүлүгүнө жараша тартып жатышат десем туура болсо керек. Ар бир эле кино жаратуучу  албетте коммерциялык жагын карайт.Өлкөбүздө 6 млн эл жашаса анын да ишке жарамдуу жаштарыбыз өлкөбүздүн сырткары иштеп жүрүшөт. Союз мезгилинде Кыргыз керемети (Кыргызское чудо) деп биздин кинолор атак даңктуу болгондой бүгүнкү Кыргыз киносу да аябай өнүгүшүнө толук ишенем.

 Ал ортодо актриса Замира Сатыбалдиева күчтүү тасма тартуу үчүн көп каражат талап кылынат дейт.

Замира Сатыбалдиева актриса: Азыр элдер көбүнчө комедия киного көп барышат

Жакшы, күчтүү тасма тартыш үчүн көп талаптар жана көп акча талап кылат.  Ошол себептен мындай тасмалар азыр  аз тартылат.  Азыркы убакытта көбүнчө коммерциалык тасмалар тартылып калды- деп ойлойм. Анткени,  элдер жеңил желпи тасмаларды көргөнгө көнүп калышты. Көбүнчө комедияга көп барышат-дейт ал.

Он жыл мурдагыга караганда азыр кинолордун сапаты жакшырды деген оюн  актер, жана ырчы Съездбек Искеналиев бөлүштү.  

Съездбек Искеналиев актер, ырчы: Бюджетке жараша кино тартылат

Азыр Кудайга шүгүр жакшы эле болуп калды. Продюсерлер болушунча аракет кылып жатышат. Анткен менен анча мынча сапаты начар кинолор деле бар. Бирок эл тараза.   Жакшы кино тартсаң эл келет, эгерде тартылган тасма жакшы чыкпаса көрүүчүлөр келбейт. Негизинен бюджетке жараша кино тартылат. Бирок 10 жыл мурдагыга караганда техникалык жактан алып карасак сапаты жакшы эле болуп калды десек болот.

Дал ушул тармакта эмгектенип жүргөн  белгилүү кинорежиссёр, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаровдун уулу оператор, кинорежиссер Санжар Абдыжапаров коммерциялык кинолор көп тартылып жаткандыгын ачык эле айтат

 Санжар Абдыжапаров режиссер, оператор: Дарак ырына окшогон фестивалдарда байге алган тасмаларды эл аз көрөт  

Азыр көп эле кинолорубуз фестивальдардан байгелерди утуп атат. Мисалга алсак,  “Дарак ыры”, “Аврора” сыяктуу кинолор бар.  Бирок эмнегедир элдер андай кинолорду көп көрбөйт.  Коммерциялык кинолор деле көп тартылып жатат, алардын  абалы орто десем болот. Анткен менен буюрса  дагы өнүгүп өсчү  күндөр алдыда деп ойлойм.  Кинотасмалар канчалык көп тартылса, ошончолук сапаты жакшыра баштайт-дейт режиссер.

Ал эми көрүүчүлөр бул боюнча эмне дейт? Деги эле учурдагы тартылып жаткан кыргыз кинолорунун абалы аларды канааттандырабы? Алар кандай тасмаларды көргүсү келет. Ар кайсы курактагы көрүүчүлөрдүн оюн билип көрдүк. Алардын басымдуу бөлүгү  азыр көбүнчө комедия жанрндагы кинолор көп тартылып жатканын айтып  көпчүлүгү  адептүүлүккө, чынчылдыкка чакырган жана бийликке таасир бере турган тасмалар тартылса деген ойлорун билдиришти. 

Жылдыз Алкасымова Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 57 жашта: Адептүүлүккө,чынчылдыкка тарбиялаган кинолор тартылса болмок

Азыркы кыргыз кинолорунун сапаты бизди  канааттандырбайт. Көбүнчөсү эле мааниси жоктой. Андан көрө азыркы жаштарды  адептүүлүккө,чынчылдыкка, бирин-бири урматтоону үндөгөн кинолор көп тартылса жакшы болот эле. Бизде бирөөнүн кемчилигин чукуган азыр адатка айланып кетти. Андыктан ошолорго үлгү боло тургандай, жакшы сөз айтышты, адамдын жакшы сапатын баалай билишти үйрөтө турган кино тартылса болмок.    

Шайыргүл Асланова Бишкек шаарынын тургуну 49 жашта: Бийликке таасир берген кино болсо…

Негизинен Кыргызстанда тартылып жаткан кинолордун  көпчүлүгүн көргөнгө убакыт жок. Анткен менен айрымдарына көзүм түшүп калат. Эмнегедир таасирлене турган деле бир нерсени көрө албайсың. Албетте ар кимдин табити ар башкача дечи, балким жаштарга азыр тартылып жаткан комедия жанрндагы кинолор жагат. Бирок эгерде олутту мындай айтканда элдерге жакшы таасир калтырган, айрыкча бийликтегилерге коррупция боюнча кинолор тартылса деген ойдомун. Балким ошол тасмадан кийин ойлонуп калышаар беле. 

Абдуманап Дыйканов Жалал-Абад  шаарынын тургуну 29 жашта: Мекенчилдикке үндөгөн тасмалар жок

Азыркы учурда кыргыз кино толугу менен комедия жанрына ыктап калды. Тил толугу менен бузулуп жатат. Тарбиялык мааниси жок. Же мотивация алуу кыйын. “Салам Нью-Йорк” менен “Түндүктүк келин” тасмаларынан мотивация жана үй бүлөлүк маселе жакшы чагылдырылган. Мындан ары тартыла турган кинолордо үй бүлөнү бекемдей турган, мекенчилдикке чакырган,  адамдык сапатка үндөй турган кинолор тартылса жакшы болот эле. Азыр биздин менталитетке туура келбеген ачык көрүнүштөгү тасмалар тартылып жатат. Биздин улуттук каада салтты чагылдырган тасмалар жокко эсе андыктан  кайнене- келин маселелери чагылдырылса аябай жакшы болмок. Ошондой эле балдарын таштап чет жакта мигрант болуп жүргөндөргө да тиешелүү бир кинолор тартылса жакшы болмок беле деген ойдомун.

Кыргыз киносуна көрүүчүлөрдүн саны өстү

 Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, соңку кезде  калктын  кинотеатрларга барган көрүүчүлөрдүн саны 2 миллионго   жакындаган.

 Киночулар бүгүнкү күндө Кыргызстанда тартылган тасмаларга барган көрүүчүлөрдүн саны менен Голливуд тасмаларына барган көрүүчүлөрдүн саны теңелгенин белгилешет.

  Ал эми коюлган кинолордун ичинде кыргызча кинолор 40 миң жолу, ал эми чет элдик кинотасмалар 51 миң ирет көрсөтүлгөн. Союз мезгилинде көрсөтүлгөн кинолордун 20%ы гана кыргыз кинолору болбосо, калган 80%ын чет мамлекеттерден айрыкча Индиядан келген кинолор түзгөн.

 Белгилей кетсек, акыркы жылдарда өлкөбүздө кинотеатрлардын саны да өскөн. Алсак, мурун жалпысынан 32 кинотеатр болсо, азыр ал 42ге жеткен. Айылда ачылган кинотеатрлар да бар.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *