Учурда Кытайдан 183 адам келген, азыр 158 адам медициналык байкоодо турат

   Мезгил

Өлкө аймагында коронавирустун илдетинин жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулуп, вируска шектелген адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн 964 орун даярдалды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеште коронавирустун алдыналуу чараларын көрүү жаатында жасалык жаткан аракеттер жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди. Жыйынга тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Вице-премьер-министр коронавирустун алдыналуу жана анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө чараларын көрүү максатында, премьер-министр башында турган республикалык штаб жана Өзгөрчө кырдаалдар министрлигинин алдында ыкчам топ түзүлгөнүн билдирди.

«Дары-дармектер менен жеке коргонуу жабдыктары жетиштүү. Кырдаалдын создугуп кетүү тобокелчилигин эске алуу менен, башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ошондой эле, Кытайдын жогорку окуу жайларында 4600 студент окуп жатканы, алардын көбү Кыргызстанга кайтып келгени, азыр кытай аймагында 271 кыргыз жараны калганы белгилүү болду. «Кытайдагы жарандарыбыздын саны өзгөрөт, анткени айрым адамдар үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга барышы мүмкүн. Ушул мезгил аралыгында Кытайдан 183 адам келген, азыр 158 адам медициналык байкоодо турат. Баш-аягы 800 анализ жүргүзүлдү», – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *