Учурда Солтон-Сарыда абал туруктуу. Милиция коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Мезгил.

Учурда Солтон-Сары аймагында абал туруктуу, бирок тиреш токтой элек. Милиция коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. 

Ал эми бүгүн 6-августта таңкы саат 04:30да Нарын облустук ооруканасына “Zhong Ji Mining” кытай алтын казуу компаниясынын 20 жумушчусу келип түшкөн. Алар 5-августта Солтон-Сарыдагы жергиликтүү эл менен кагылышуудан жаракат алышкан. Жалпысынан жумушчулардын абалы туруктуу, айрымдарынын баш-сөөгүнөн жабык жаракат алып, мээси чайкалган.

Эске салсак, Солтон-Сарыда болгон чыр-чатак Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү тергөө амалдары башталды. Учурда укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кендин айланасында 500дөй киши чогулуп турат. 

 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *