Мезгил
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылган.