УКМК: Атамбаевди куттуктап барган депутаттардын эч бирине басым жасалган эмес

Мезгил. 

УКМК депутат Ирина Карамушкина тарабынан жарыяланган маалыматты четке какты. Эл өкүлү КСДП партиясынын юбилейи менен Атамбаевди куттуктап барышканын айткан. Ошондой эле, дагы бир депутат экс-президентти куттуктап бара коем деп, УКМКнын сурагына кабылганын билдирген.

“Эмнеге “Форумга” бардың?  Эмне максат менен?”, – деп суракка алышыптыр. Ал депутаттын аты-жөнүн ачыктабай эле коеюн”, – деген депутат.

Vesti.kg сайты УКМК бул маалыматты төгүнгө чыгарганын жазып чыкты. Коопсуздук комитети КСДПнын эч бир депутаты Атамбаевди куттуктаганы үчүн суракка чакырылбаганын билдирген.

Ошондой эле, УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдуу бийликти жана көзөмөл функциясын аткаруучу жогорку органдын өкүлү болгондуктан, ал айткан сөздөрү жана пикири үчүн эч бир кырдаалда жооп бербей турганын белгилеп, ошон үчүн депутаттын бул жолку билдирүүсү ойдон чыгарылган деген тыянакка токтолгон.

Андан тышкары, айрым саясий ишмерлер өздөрүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын “короосуна таш ыргытаарын” да белгиленген.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *