УКМК Атамбаевдин тарапкерин суракка чакырды

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митингинде сөз сүйлөгөн Фархад Баабиев УКМКга суракка чакырылды. Ал 2-июлда өткөн нааразычылык акциясында сөз сүйлөп, бийликке каршы катуу сындарды айткан.

Ошондой эле Баабиевди 13-июлда күбө катары Тергөө башкармалыгына келүүнү буюрган. Бул чакырууну Бабиев тарап бийликке каршы сын айткандыгына байланыштырууда.

Ал эми УКМК бул боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Эске салсак 3-июль күнү Атамбаевдин тарапташтары Форум имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүшүп,  Атамбаевдин тарпташтары бийликке курч сындарын айтышкан. 

Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *