УКМК билдирет: Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам боюнча жоопко тартылат

Мезгил

“Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам боюнча жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комитет  депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жар салган Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе мыйзам боюнча жоопко тартыларын айтат.

Буга чейин Бабановдун партиялаштары партиянын ана башчысы мекенине бир айдын ичинде кайтышы мүмкүн экендигин, азыр бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген болчу.

Өмүрбек Бабанов өзү дагы фейсбук баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды “Нооруз” майрамы менен куттуктап жатып, “жакында көрүшкөнчө” деп билдирүү калтырган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *