УКМК эриккенден «фейк» менен алектенип олтурабы?

Мезгил

Жанагы эмне кылган кыз, эмне кылбаган кыздын бетин тырмаптыр деген макалды билбеген киши аз чыгар. Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, анысына жооп берүү кезеги келгенде УКМКнын абагында олтуруп алып Дүйшөнбек Зилалиевдин добушу бийик чыкчу болду. Латвиянын банктарындагы анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү эсептер, андагы сакталган акчалар, өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча УКМКны «фейк» менен алектенип жатат деп айыптап чыкты.  

Албетте мыйзам боюнча ар бир адам өз актыгын далилдей алат. Бирок Дүйшөнбек Текшербековичтин абалына келе турган болсок, ал оор беренелер боюнча айыпталып ИИМдин эмес УКМКнын абагында жаткан киши. Эгер ал киши кылмыш ишине шектүү катары айыпталып, баш коргоо чарасы үй камагы болуп, эркиндикте жүргөн болсо, же коомчулукта анын атына каралоолор айтылып жатса ЖМК аркылуу актанса болор эле. Бул киши өзүнө карата козголгон иштер боюнча актыгын алгач мыйзам талаасында, жактоочу аркылуу далилдүү документтер менен актап алса жарашат. Ал эми анын УКМКнын, деги эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо кызматтарынын дарегине жолдогон билдирүүлөрү, Дүйшөнбек Зилалиев тигил жакта олтуруп алып «бет тырмачы» саясатчыга айланып бараткандай элес калтырат экен. УКМК эмне эриккенден «фейк» менен алектенип олтурду беле? Бизде мамлекеттин жүзү болгон органдардын даргеине далилсиз көө жаба берүү адаты качан токтойт?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *