УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция ачыкталды

Мезгил. 

Мамлекеттик каттоо кызматына жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында коррупциялык иштин бети ачылды.

УКМКнын маалыматынка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы чарбалык эсептик уюм болуп эсептелинген “Маалыматтык кызматтардын атайылыштырылган борбору” мамлекеттик мекемеси 2018-жылдын апрелинен июль айына чейин эреже бузууларды жүргүзгөн. Белгилей кетсек, аталган мекеме жарандардын автоунааларды каттоо жана кайра каттоо боюнча арыздарын кабыл алып, аткарат.

Эреже бузуулардын кесепетинен бюджет 5 миллион 841 миң 946 сом чыгашага учураган. Пландалбаган салык текшерүүсүнүн жыйынтыгында, аталган сумма мамлекетке толугу менен кайтарылып, акча каражат республикалык бюджетке которулду.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *