Мезгил
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин Орусия жарандыгын алгандагынын чын-төгүнүн иликтейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Ирина Карамушкина Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Орусиянын жараны экендигин айтып буга далили да бар экенин айткан.
Ал эми Ош мэриясынын басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагыууда.
Таалайбек Сарыбашев учурда Ош шаарынын мэри.
Булак: Мезгил Ньюс