УКМК Шадиевди издеп атат

     Мезгил

Аскарбек Шадиевдин Кыргызстандан качып кеткенине бир топ убакыт болду. Бийлик органдары анын сары ичине чөп салып олтурбай калган байлыгынын колго илингенин мамлекетке кайрыган болушуп, артынан “келбесең мына сага” деген таризде 10 жылга абакка кириптер кылган соттук чечим чыгарып коюшту. Деги качып кеткендер боюнча биздин бийлик буга чейин жарытылуу иш алып барды беле? Эстеген фактыларыңар барбы?

Биз болсо Кыргызстанга кайтарылып келинген Икрамжан Илмияновду, анан Атамбаевдин тушундагы бирин-экин айыптуулардын Түркиядан, батыш өлкөлөрнөн колго түшүрүлүп, алынып келингендиги тууралуу бир аз билебиз. Ал эми шибегени капка катса болбой тургандай эле Маскөөдө жашап жаткан Акаевдердин үй-бүлөсүнө кылмыш иши козголгондугуна карабастан өлкөгө алып келе албай келебиз го. Акаевдин күйөө баласы Адилди да Казакстандан суратып ала албай койдук. Бакиевдерге да сыртынан тон бычып, сот чечимин чыгарып койгон менен Лукашенко бийлигинен сурагандан жалтанып келет бийлик. Ал эми Түркия менен Өзбекстанга, араб өлкөлөрүнө кире качкандарды эстеп койгон деле киши жок.

Аскар Шадиевдин кызы Саадат атасынын өкмөт камап турган мүлкүн талашып, сотко кайрылган экен, сот адилет чечимин кечигип болсо да чыгарганга жетишиптир. Адатта жарандарды ашыкча сүйлөбө деп, оозуна тыюу сала турган 4 тамгадан турган бир орган бул ирет уялып кеткенби, айтоор бир ЖМКга “Шадиевди издөө улантылып жатат” деп маалымдаптыр.

Издесе издей берсин, алардын жумушу ошол. Бирок айткан менен натыйжа чыгарылбай жатышпайбы?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *