УКМК WhatsApp аркылуу чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандарды текшерет

Мезгил

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандарга карата катуу чара көрүлө турганын билдирди.

 Маалым болгондой,  акыркы кезде WhatsApp каналы аркылуу улуттар жана аймактар аралык кастыкты козута турчу маалыматтар тарап жатат.

“УКМК менен укук коргоо органдары чагымчыл билдирүүлөрдү ким таратып жатканын иликтей баштады. Ошондой эле мындай маалыматтарды тараткандарды билгендер болсо укук коргоо органдарына маалымдоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу үчүн жасалган мындай аракеттер үчүн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.

УКМК мындай өңүттөгү маалыматтар боюнча укук коргоо органдарына кабарлоону өтүнөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *