УКМКдан эби жок эскертүү. Бакиевге айтылган пикирлер коомдук тирешүүгө киреби?

     Мезгил

30-июлда  Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына карата тасма көрсөтүлүп,  коомчулукта ар кандай пикир жаралды. Ал эми УКМК бул тасманы көрсөткөн НьюТВ жана НурТВ телеканалдарына эскертүү берди.  Тасмадан эч кандай   коомдук тирешүүнү же саясатты көрө албайбыз. Болгону анын досторунун, жакындарынын классташтарынын ал тууралуу пикирлери камтылган. Ал эми айрымдары муну Курманбек Бакиевди актоо катары көрүшүп,  аны бийликке жакындатуу катары баалашып шек санашууда.  Бакиевдин классташтары анын бала чагы жөнүндө айткандары актоого кирбейт.  Бизде сөз эркиндиги бар,  эркин, демократиянын туу чокусунда жашаган өлкөбүз деп дайым кыйкырып келебиз. Ар ким өз пикирин билдирүүгө укуктуу. УКМК эмненин негизинде эскертүү берди? Же эмне Бакиевдин классташтарынын пикири  коомдук тирешүүгө алып келе турган иш аракетке киреби? 

Айрым шылтоого шыноо таба албай тургандардын чырагына май тамып, телеканалды Ахматбек Келдибековго тиешелүү деген максатта күнөөлөп жатып калышты. Бул жерде күнөлүүнү издегенге себеп  жок.  Тасманы экранга чыгарбай коюу үчүн мыйзамга каршы келген эч кандай жагдай көрсөтүлгөн эмес.   Баардык   массалык маалымат каражаттары  кандай пикир болбосун  чагылдырууга  акылуу.

 Мындай куттукттоо абактагы Өмүрбек Текебаев 60 жашка толгондо партиялаштары бул юбилейлик датага байланыштуу сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, жыйын өткөрүшкөн.  Сүрөт көргөзмөдө саясатчынын басып өткөн өмүр жолундагы урунттуу учурлары, үй-бүлөсү, жакындары менен түшкөн сүрөттөрү коюлган.  Ошондой эле  жоон топ белгилүү саясатчы, депутаттар катышкан. Текебаевдин  торколуу тоюна барып сөз сүйлөшкөн. Бул деле ошол эле сыяктуу көрүнүштөрдүн бири. Ошондо деле баардык массалык маалымат каражаттары чагылдырган. УКМК анда эмне ошолор учурда унчугушкан эмес.

Мындан сырткары  камактагы “Мекенчил” партиясынын лидери Садыр Жапаровдун 50 жылдык юбилейин анын тарапташтары дал Бакиевдикиндей эле видео тасма даярдап куттукташкан. Буга эмне эскертүү берилген эмес?!  

Ал эми кечээ жакында эле камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тарапташтары туулган күнүн куттукташып, сүрөтүн бакыйтып көтөрүп алып,  Бакиевге айтылган пикирдей эле анын колдоочулары да өз пикирлерин билдирип куттукташкан. 

Бакиевдин өткөн өмүрү, баскан жолу коомдук тирешүүгө  жем таштайт десек убагында айрым ММКлар Кадыржан Батыров боюнча деле “жакшы” сөзүн аябай жазып келбеди беле? Буга эмнеге унчуккан жокбуз?

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева  Бакиевдин туулган күнүнө карата тартылган тасманы көрсөткөн телеканалдарды жабуу керектигин айтып чыкты. Сурабалдиева өзү мыйзам чыгаруучу жерде отуруп, бирок мыйзамды билбейт окшобойбу. Же өз кызыкчылыгы үчүн эле айтылган кепби. Аталган каналдар кайсы мыйзамдын негизинде жабылуусу керек?   

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, укук коргоочу Чолпон Жакупова Сурабалдиеванын билдирүүсүнө биринчиден өздөрү жазган мыйзамды алгач жакшылап окуп алып, анан ой жүгүртүп  сүйлөө керектигин  айтты.

Муну менен катар  Медиа полис институтунун (МПИ) юристтери УКМК тараткан эскертүү иретиндеги билдирүүдө ЖМК өкүлдөрү мыйзамдын   нормалары бузулганы  көрсөтүлгөн эместигин баса белгилешти. 

Алардын айтымында  Курманбек Бакиев жана анын бир туугандарына карата бир нече фактылар жана оор кылмыштар боюнча соттор тарабынан айыптаган чечимдер чыгарылган. Баардык айыпталуучулар издөөдө. Бирок, бул суроолор ЖМКга эмес, айыптууларды издөөгө ниети жок, же алы келбеген, чет мамлекеттен алып келип, жазалагасы келбеген мамлекеттик бийликке көбүрөөк тиешелүү» – деп белгилешет МПИ өкүлдөрү.

 Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта жатып алып күндө бир маал “кыйкырып” азыркы бийликтин мыйзамдуулугуна шек келтирген сөздөрдү айтып жатат. Канча деген ММКлар чагылдырууда? Анда эмне үчүн аларга да УКМК кылмыш ишин козгойм деп опурулбайт?… 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *