Укмуштуунун төөсү жорго, же “Электрдик станциялар” ишканасынын элдин башын “айлампаш” кылганы

    Мезгил

    “Электрдик станциялар” ишканасы Казакстан карызга алган электр энергиясын кайтара баштады деген билдирүү таратты. Анда бир суткада 4,8 миллион киловатт-саат электр энергиясы ушул жылдын ноябрь айынын этегине чейин кайтарылып алынат.

Мурда Казакстан менен Кыргызстан казакстандык дыйкандарды суу менен камсыздоо максатында өз ара келишимге келишкен. Анда жайында сууну суу сактагычтардан казак талааларына карай коё берип, андан өндүрүлгөн электр энергиясын ал өлкөгө карызга берип турушкан. Эми күз келип, ошол “товар алмашуу” деген калктын башын тегереткен калпычы чапанды жамынган  электр энергиясын алмашуу шоусу “мөмөсүн” кайрып олтурат.

“Электрдик станциялар” ишканасынын билармандарынын айтымында 6-июндан 31-августка чейин казактарга 270 миллион киловатт-саат электр энергиясын берип турганбыз. Эми алар алганын кайрып берип жаткан учурда ГЭСтер электр чыгарууну басаңдатып, анын эсебинен Токтогул суу сактагычына суу мол топтолот имиш. Тапкычтыгыңарга баракелде. “Калп айттым, калп айттым, калпагымды жалпайттым” дегендей эле укмуш сонун иш болуптур бул жерде. Ошол электирди “алмаштык” дегендер уялбай эле казактарга суу саттык дешсе, минтип уурусу кармалып уят болбой, элдин алдында жүздөрү жарык болмок. Эл да “ии бечаралар” деп туура түшүнмөк. Ийилген башты кылыч кеспейт деген сөз барбы?

Буга чейин казактарга “товардык алмашуу” деген шылтоого жамынып алып  “товардык алдоо” жүргузүп келгендер тууралуу көз карандысыз талдоочу Расул Үмөталиев айтып чыккан эле. “Электрдик станциялар” ишканасы мына ошол элдин башын “айлампаш” кылган калпынын күзгү түшүмүн жыйнап жаткан учуру тура.

  Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *